БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Император Акихитонун эки ата өткөн карындашы, Япониянын ханбийкеси Аяко Такамадо жөнөкөй жигитке турмушка чыкты. Бул туурасында Japan Today кабарлады.
Аяконун жары 32 жаштагы жигит кеме курган "Ниппон Юсен" деп аталган ири компанияда менеджер болуп эмгектенет. Түгөйлөр бүгүн, 29-октябрда, Токио шаарындагы Мэйдзи сепилинде нике кыйдырып, баш кошту.
Үйлөнүү салтанатына 30га жакын конок катышып, келинчек салттуу кийимчен, ал эми күйөө бала фракчан жүрдү.
28 жаштагы Аяко император Акихитонун эки ата өткөн тууганы, ал 2002-жылы каза болгон.
Япон салтына ылайык, эгерде кыз императордук бүлөнүн мүчөсүнө чыкса, алардын катарына өтөт. Ал эми ханбийке жөнөкөй адамга турмушка чыкса, титулдан баш тартышы кажет.