Шейшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт — Sputnik. Республика боюнча 30-октябрда тоолуу аймактарда жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +13…+18, Талас өрөөнүндө +10…+15 градуска жетет.

Ысык-Көл менен Нарын өрөөндөрүндө +11…+16, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13…+18 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында абанын температурасы +16…+18 градус болушу болжолдонууда.