БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкекте Honda Odyssey менен Lada Priora кагышканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, окуя 29-октябрдын түнүндө Щербаков менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жол кырсыктан кийин Odyssey машинасы жол четиндеги соода күркөсүн барып сүзгөн. Priora автоунаасы маңдайкы терезеси сынып, арыкка кирип кеткен.
Шаардык милиция кырсык саат 23:20лар чамасында болгонун ырастап, эки киши жаракат алганын маалымдады. Бирөөнүн бети сыйрылган, бирок ооруканага баруудан баш тарткан. Экинчисинин мээси чайкалып, дарыгерлердин көзөмөлүндө.