БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Борбор калаада СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловдун 110 жылдыгына, Кыргыз ССРнин эл артисти Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдыгына жана атактуу режиссёр Искендер Рыскуловдун чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган спектакль коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон инсандардын жаркын элесине арналган иш-чара 31-октябрда уюштурулуп, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында болот.
Ал эми кыргыз эл баатыры Сабира Күмүшалиева өмүрүнүн 73 жылын киного жана сахнага арнаган.
Эки залкардын уулу Искендер Рыскулов Ош драма театрында 12 жыл эмгектенген соң 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына башкы режиссёр болуп дайындалган.