Эске салабыз! Ноябрдын башында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алат

Кыргызстандыктардын эс алуусу 7-ноябрда башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктар ноябрь айында беш күн катары менен эс алат. Буга чейин бул маалыматты Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тастыктаган.

Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагына суук түшөт
Ведомстводон билдиришкендей, кыргызстандыктар Сапар Исаков 28-феварлда кол койгон токтомдун негизинде эс алышат.

Ага ылайык, 7-8-9-10-11-ноябрь күндөрү дем алыш болуп эсептелет.

Эске салсак, 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары жарыяланган. 9-ноябрь (жума) дагы дем алыш күн болот, бирок кыргызстандыктар ал күндү 3-ноябрь (ишемби) күнү иштеп берет. 10-11-ноябрь ишемби жана жекшембиге туура келет.