Чыгыш-5 кичирайонунда маршрутка жеңил унааны коюп кетти. Видео

Алдын ала маалымат боюнча жеңил унаа кайрылып жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik.  Чыгыш-5  кичирайонундагы көпүрөдөн эл ташыган маршрутка менен ВАЗ-21099 үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышты. Бул тууралуу Бишкек ЖКККББдан маалымдашты.

Ал эми окуя болгон жерден сүрөт менен видеону күбө жиберди. Алдын ала маалымат боюнча туура эмес жерден кайрылып жаткан жеңил унааны Чүй проспектиси менен батышты көздөй бараткан маршрутка коюп кеткен. 

Столкновение маршрутки и легкового автомобиля в "Восток-5"

Милициядан билдиришкендей, кырсыктан эки автонун айдоочулары жана дагы төрт адам жабыркаган. Унаалар айып короого киргизилип, тергөө амалдары уланууда.