Радио

Ажыкулов: бизнеске тиешелүү мыйзамдар так жазылып, ишке ашышы шарт

ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов бизнести жөнгө салуу реформасы мамлекеттик органдар тарабынан жакшы аткарылбай жатканын айтты.
Sputnik
Ажыкулов: бизнеске тиешелүү мыйзамдар так жазылып, ишке ашышы шарт

Бизнеске тиешелүү мыйзамдар так жазылып, ишке ашышы шарт. Бул тууралуу Темирбек Ажыкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бизнести жөнгө салуу реформасы мамлекеттик органдар тарабынан жакшы аткарылбай жатат.

"Бизнес мамлекетте тиешелүү мыйзамдар аз болсо, алардын жазылышы так болсо жана ал нерсе ишке ашканда гана өнүгөт. Албетте бул маселелерден кийин соттук система да чоң мааниге ээ. Бизде бүгүнкү күндө бизнес жаатындагы мыйзамдар көп жазылып, бири-бирине карама-каршы келгендиктен коррупция да күч алууда. Бизнестин жакшысы да, жаманы да бар, андан пайдалангысы келгендер да четтен чыгат. Мамлекет ишкерлердин санынын өсүшүнө жана сапатты алдыңкы планга чыгарууга колдоо көрсөтүшү керек", — деди ал.

ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы жеке сектор кеңейген сайын салык көп төлөнүп, бюджетке түшкөн каражаттын да суммасы көбөйө турганын кошумчалады.