Студенттин түнкү клубдагы өлүмүнө шектелген эки улан убактылуу камакка алынды

Шектүүлөрдүн бири Бишкектеги убактылуу кармоо жайына, экинчиси жашы жете электердин абагына отургузулду.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. – Sputnik. Октябрь райондук соту түнкү клубда чатакташа кетип 18 жаштагы жаран каза болуп калган окуя боюнча шектелип жаткан эки уланды эки айга убактылуу кармоо жайына киргизүү чечимин чыгарды. Бул туурасында шаардык милициядан кабарлашты. 

Эске салсак, 28-октябрга караган түнү эс алып жүргөн үч уландын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Экөө биригип, үчүнчүсүн ур-токмокко алышкан. Соккудан улам ал жыгылып башы менен тепкичке тийген. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген.

"Шектелген эки жигитти Октябрь райондук соту эки айга камакка алуу боюнча чечим чыгарды. Биринчиси 18 жаштагы шектүү №1 убактылуу кармоо жайына, экинчиси 17 жаштагы улан Вознесеновка айылындагы жашы жете электердин №14 абагына жөнөтүлдү", — деп айтылат таратылган кабарда. 

 Буга чейин милиция маалымат берип, каза болгон улан жогорку окуу жайдын 1-курсунун студенти экендигин билдирген.