Автордук укукту бузгандар эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мындай пикирин Ырыс Турсуналиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда ырларды плагиаттык же каракчылык жол менен уурдап которуп алуу өрчүп кеткен.
"Атайын жарандык кодексте нормалар, андан сырткары, автордук жана чектеш укуктар мыйзамы бар. Ошонун негизинде чыгарманын аткаруучулары Кыргызпатент менен келишим түзүшү керек. Эгер чыгарма көчүрүлгөн болуп, анын автору сотко берсе, аткарган кишиге жаза каралат. Мисалы 2000ден 20 000 сомго чейин айып пул салынып, ал тургай үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн", — деди Турсуналиева.
Ал учурда Кыргызпатент менен келишим түзүп музыкалык чыгармаларды колдонуп жаткан радио жана телевидениелердин саны 15тен ашып калгандыгын кошумчалады.