Бишкектеги түнкү клубдардын биринде болгон мушташтан бала каза болду

Алдын ала маалымат боюнча укук коргоо органдары шектүү катары эки баланы кармады, алардын бири өспүрүм.
Sputnik

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринде мушташ чыгып, анын кесепетинен бир бала каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы булак билдирди.

"Эс алып жүргөн үч баланын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Экөө биригип, үчүнчүсүн ур-токмокко алышкан. Соккудан улам ал жыгылып башы менен тепкичке тийген. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген", — деп булак маалымдады.

Бала окуя болгон жерден дароо каза болгон. Укук коргоо органдары шектүү катары эки баланы кармады, алардын бири өспүрүм.

Шаардык милициянын маалымат кызматы азырынча бул окуя тууралуу маалымат келип түшө электигин билдирди.