Ушундай да болобу?! Тойдо эркектин келинди жамбашка тепкен учурдагы видеосу

Тойдо аял кишини элдин көзүнчө бир тепкен эркектин видеосу интернетке тарап, социалдык тармактын колдонуучулары аны сынга алды.
Sputnik

Видеодо бийлеп жаткан келинди эркек киши артынан басып келип бир тээп, андан ары жулкулдатып алып кеткенин көрүүгө болот.

Караколдо сүйгөнүн кызганган жигит кыздын батирине өрт койгон
Окуя кайсыл жерде болгону белгисиз. Бирок социалдык тармактын колдонуучулары бул Кыргызстандын аймагында болгон деп болжолдошууда. Анткени видеодо кыргызча музыка жаңырып, эркектер калпак кийип жүргөнүн көрүүгө болот.

Видеонун алдына жүздөгөн комментарийлер калтырылып, көпчүлүлүк аялды тепкен кишиге нааразычылыгын билдирген.

Ал эми Ички иштер министрлигинен видеодогу аялдан арыз  түшкөн учурда гана текшерүү иштерин баштаарын айтышты.