Канттагы нефть иштетүү заводунан аккан кара май жолго жетти. Сүрөттөр

Окуя болгон жерге жергиликтүү эл чогулуп калганы айтылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кант шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү заводдо  күйүүчү май төгүлүп, жолго чейин чыгып кетти. Бул тууралуу  Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билбирип, заводдун өзүнөн тастыкташты.

1 / 4
Кант шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү заводдо күйүүчү май төгүлүп, жолго чейин чыгып кетти
2 / 4
Окуя 27-октябрь күнү саат 13.20лар чамасында болгон
3 / 4
Жерге мешке жага турган үч кубметрдей кара май төгүлгөн
4 / 4
Күбөнүн айтымында, окуя болгон жер жагымсыз жыттанып жатат.

Окуя 27-октябрь күнү саат 13.20лар чамасында болгон.

"Жерге мешке жага турган үч кубметрдей кара май төгүлгөн. Жумушчулар жылуулуктан улам май кеңейип идиштен ташып кетерин эске алышкан эмес окшойт. Кумга буюртма  кылып койдук, алып келээри менен май төгүлгөн жерлерге себебиз", — деп айтышты заводдон.

Күбөнүн айтымында, окуя болгон жер жагымсыз жыттанып жатат. Ошондой эле жергиликтүү тургундар чогулуп калды. Ушундай эле кырдаал 2013-жылы да түзүлгөн. Анда жерге 10 тоннадай мазут төгүлгөн.