Радио

Медетбек Анарбек уулу: жалбырактарды өрттөгөндөргө айып пул салынат

Экологиялык жана техникалык инспекциясынын Бишкек шаарындагы региондор аралык башкармалыгынын улук инспектору Медетбек Анарбек уулу чогулган жалбырактарды өрттөгөн жеке тараптарга 2000 сом, юридикалык тараптарга 10 миң сом айып пул салына турганын айтты.
Sputnik
Медетбек Анарбек уулу: жалбырактарды өрттөгөндөргө айып пул салынат

Жалбыракты өрттөгөн кезде зыяндуу газдар бөлүнүп чыгып, натыйжада алар аба аркылуу таркап, жашоочулардын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө.  Бул тууралуу Медетбек Анарбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

"Жалбырактарды өрттөп, экологияга, ден соолукка зыян келтирүүнүн ордуна аны жер семирткич катары пайдаланууга чакырат элек.  Биздин кызматкерлер ар бир үйдүн короосуна барып карап тура албагандыктан, жарандар туура эмес жасап жаткандыктарын түшүнүшү зарыл. Жер үйдө жашаган шаар тургундары жалбырактарды чогултуп койсо, таштанды ташыган чоң унаалар келип алып кетет. Жалбырактарды өрттөөнү токтотуу үчүн айып пул салып коюу жетишсиз.  Бул ар бир жарандын аң сезимине байланыштуу", — деди улук инспектор.

Ал айыл жергесинде жашагандар жалбыракты өрттөбөй, тескерисинче дыйканчылыкка колдонсо болорун кошумчалады.