Видеодон эки аял жолдун чети менен сүйлөшүп келе жатканда жер оюлуп, түшүп кеткенин көрүүгө болот. Окуянын видеосу DHA маалымат агенттигинин YouTube сайтына жарыяланды.
Окуя 24-октябрда болгон. Оюлган жерге түшүп кеткен аялдардын бири дарыгер, экинчиси медайым. Алар олуттуу жаракат алышкан эмес.