Кыш жакындады. Токмоктогу коомдук транспорттордун техникалык абалы текшерилди

Техникалык абалы талапка жооп бербеген автоунаалар оңдоого жөнөтүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Токмок шаарынын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери суук жакындагандыктан, автовокзалдан каттаган коомдук транспорттун кышка даярдыгын текшерип, айдоочулар менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

1 / 2
Токмок шаарынын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери суук жакындагандыктан, автовокзалдан каттаган коомдук транспорттун кышка даярдыгын текшерип, айдоочулар менен жыйын өткөрдү
2 / 2
Бул иш-чаранын максаты коомдук транспорт кабылган жол кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочуларга жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу алардын колунда экенин эскертүү болгон.

Кульджигачев: Бишкек ЖЭБи кышка толугу менен даяр
Бул иш-чаранын максаты коомдук транспорт кабылган жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочуларга жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу алардын колунда экенин эскертүү болгон.

Текшерүү учурунда инспекторлор автоунаанын дөңгөлөктөрүнө, орундуктарга көңүл бурушту. Айрым эреже бузуулар табылган автоунаалар оңдоого жөнөтүлгөн.

Токмок шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору айдоочуларды жүргүнчүлөргө сылык мамиле кылууга чакырат.