Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди "Окуу китептериндеги каталар — балдар эмнени окуп жатат жана бул үчүн ким жооп бериши керек?" аттуу тегерек столго чакырабыз.
2018-жылы география жана табият таануу китептеринен интернеттен алынган сүрөт, эскирген маалыматтар жана грамматикалык каталар табылган. Мындан тышкары, кыргызстандыктар мурда дагы китептеги каталарга даттанып келишкен.
Буга ким күнөөлүү жана ким жооп бериши керек? Билим берүү министрлиги кырдаалды кантип жөнгө салат деген сыяктуу суроолордун үстүндө талкуу жүрөт.
Иш-чаранын катышуучулары:
ЖУСУПБЕКОВА Надира Сынташевна — билим берүү жана илим министринин орун басары;
Жогорку Кеңештин депутаттары;
Өкмөттүн аппаратынын социалдык блогунун өкүлдөрү;
ТОКТОМАМЕТОВ Алмазбек Даткабекович — КР Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;
ТУРДУМАМБЕТОВ Кеңешбек Турдумамбетович — КР Улуттук илимдер академиясынын химия жана фитотехнология лабораториясынын жетекчиси;
МОЛДОКАНОВ Аалы Молдоканович — КР президентинин алдындагы тил комиссиясынын котормо жана жарнама бөлүмүнүн жетекчиси;
ЖУМАТАЕВА Роза Акыбаевна — Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын китепкана фондусунун жетекчиси;
ЖАПАРОВА Бегайым Бакасовна — "Кутаалам" басмаканасынын директору;
БОНДАРЕНКО Олег Ярославович — Кыргызстандагы басмаканалар ассоциациясынын директору;
ФАДИН Иван Николаевич — "Аркус" басмаканасынын директору.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси 46, (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринде редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.
Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.