Белгилүү актер Николай Караченцов каза болду

Ал 1944-жылы Москвада туулган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Белгилүү актер Николай Караченцов 74 жашында каза болгонун РИА Новости агенттиги жазды.

Актер 2005-жылы Москвада жол кырсыгына кабылып, башынан жаракат алган. Ошондон бери жакшы боло албай, карьерасын да уланта алган эмес. Былтыр ноябрда жубайы дарыгерлер актердун өпкөсү "рак илдетине чалдыккан" деген диагноз койгонун билдирген. Аны дарылоо процедуралары декабрда башталган.

Россиянын эл артисти Николай Караченцов 1944-жылы 27-октябрда туулган. 1967-жылы Москвадагы көркөм театрдын студия мектебин ийгиликтүү аяктаган. Андан кийин Москвадагы Ленин комсомолу театрында иштеген.

Ал "Юнона жана Авось" рок-операсындагы граф Резоновдун ролун аткарып эл оозуна алынган.

Ал эми 1967-жылдары киного тартыла баштаган. Ал өз өмүрүндө жүздөн ашык тасмада роль жараткан. Алардын арасында "Старший сын" (1975), "Собака на сене" (1977), "Приключения Электроника" (1979), "Дом, который построил Свифт" (1982), "Человек с бульвара Капуцинов" (1987) тасмалары бар.

Актер Николай Петрович Караченцов

1989-жылы РСФСРдин эл артисти наамын алган. 1997-жылы Ардак ордени менен сыйланган, 2009-жылы "Ата мекенге өтөгөн кызматы үчүн" наамынын IV деңгээлдеги орденин алган.