Бишкекте 43 жаштагы аялды унаа сүзүп кетти. Экөө тең жол эрежесин бузган

ЖКККББдан билдиришкендей, унаа каршы тилкеге чыгып, аял туура эмес жерден өтүп бара жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкектин Москва жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жолдон өтүп бара жаткан 43 жаштагы аялды жеңил унаа кагып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө болгон адам билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы жума күнү саат 13.20дар чамасында болгон. Аялды койдуруп кеткен унаа каршы тилкеге чыгып келе жаткан.

Бишкек милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан аталган фактыны тастыкташты.

"Жөө адамды Honda Fit унаасы кагып алды, бирок аял дагы туура эмес жерден чыга калган", — деп айтышты милициядан.

Маалыматка караганда, айдоочу кырсык учурунда таза экени аныкталды. Ал эми аял ооруканага жеткирилди.