Радио

Түлөбаев: автобустардын баарын электрондук билетке өткөрөбүз

Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев жөө жүргүнчүлөргө шарт түзүү маселеси өзгөчө каралып жатканын айтты.
Sputnik
Түлөбаев: автобустардын баарын электрондук билетке өткөрөбүз

1-2 жылдын ичинде Бишкектеги автобустардын баарын электрондук билетке өткөрөбүз. Бул тууралуу Балбак Түлөбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай долбоор ишке ашып калса сол чөнтөккө кетип жаткан каражат бюджетке түшмөкчү.

"Ушу тапта биз жөө жүргүнчүлөргө шарт түзүп берүүгө өзгөчө маани берип жатабыз. Мэриянын алдында чоң долбоорлордун ишке ашуусу күтүлүүдө. Автобустардын баарын электрондук билетке өткөрөбүз. Анда карыларга, аз камсыз болгон үй-бүлөлүүлөргө, студенттерге жана жөнөкөй жүргүнчүлөргө башка-башка билеттер каралат. Электрондук билет Бишкек шаарында 1-2 жылдын ичинде ишке кирсе, жол тыгынын азайтууга көмөк көрсөтөт. Буга кошумча сол чөнтөккө кетип жаткан акчалар бюджетке түшө баштайт", — деди Түлөбаев.

Ал мындан сырткары, Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар да электрондук вариантка өтө турганын кошумчалады.