БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. "Атамбаевсиз КСДП" деген аталыштагы жыйындын артында чоң күчтөр турганын жана алар партияны бөлүп-жаргысы келип жатат деген пикирин Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Эске салсак, буга чейин партиянын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абдрахманов социалдык тармактагы баракчасына КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен Ысык-Көлдө өткөн конференцияда шайланып, бекитилген координаторлор менен жолуккандыгын жазып, сүрөтүн чыгарган.
Жергиликтүү ЖМКлар жер-жерлерде "Атамбаевсиз КСДП" деген жыйындардын өтүп жаткандыгын жана ага КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов катышкандыгын жазып чыгышкан.
"Иса Өмүркулов менин билишимче бул маалыматты өзү тастыктай элек. Ушул тапта партиянын айланасында болуп жаткан көрүнүштөр КСДПнын 25 жылдык тарыхында биринчи жолу болуп жаткан жок. Мурда деле саткындар, бийлик менен манпсапка гана кызыккан уйгактар болуп келген. Тилекке каршы, дагы деле бар экен. Азыркы болуп жаткан оюндардын артында чоң күчтөр турат. Алар партияны бөлүп-жарганга кызыкдар. Бирок бул ыплас кыймыл-аракеттерден майнап чыкпайт. Анткени КСДПны Атамбаевсиз элестетип болбойт", — деди Жолдубаева.
Аталган иш-чарага катышкан-катышпагандыгы тууралуу Иса Өмүркулов өзү комментарий берүүдөн баш тартты.