Жаманкулов Азамат Капарович — өмүр баяны

Азамат Жаманкулов 1987-жылы туулган. Эки жогорку билими бар. 2008-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетин "иш-канадагы менеджмент", 2011-жылы Кыргызстан эл аралык университетин "финансы" адистиги боюнча аяктаган.
Sputnik

Эмгек жолу:

2011 — "Риэлт Партнер" ЖЧКсын негиздеп, эмгек жолун анын аткаруучу директорлугунан баштаган;

2013-2014 — "Кристалл" ААКсында инвестиция тартуу боюнча адис;

2014 — Көчмөндөрдүн дүйнөлүк биринчи оюндарын уюштуруу катчылыгында эмгектенген. Ошол эле жылы "Дүйнөлүк этно оюндар" коомдук фондусунун вице-президенти болгон;

2015-2018 — КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин туризм департаментинин жетекчиси;

2018-2020 — КРдин Маданият, маалымат жана туризм министри;

2021 — КРдин маданият, маалымат, спорт жана жаштар иши министри. 

Жаманкулов Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын уюштуруу катчылыгын дагы жетектеген.

Кыргыз, казак, орус, түрк, англис тилдеринде сүйлөйт.