Туруспек Коеналиев кызматтан кетти

Коеналиев КР президенти менен өкмөттүн иш башкармалыгын 2010-жылдан бери жетектеп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Туруспек Коеналиев президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындай жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Коеналиевдин кызматтан кетээри боюнча кептер ушул жылдын сентябрь айында пайда болгон. Ал 2010-жылдан бери аталган түзүмдү башкарып келген.