Жолдо баратып эле көз көрүнөө эл тоноп... Суусамырдагы каракчылык. Сүрөттөр

Алдын ала маалымат боюнча колго түшүрүлгөндөр Таласта да элди тоноп жүрүшкөн
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Суусамырда белгисиз үч киши Бишкектен Ош облусун көздөй бараткан унааны токтотуп, ичиндегилерди курал менен коркутуп, 35 миң сомун карактап кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.

1 / 2
Суусамырда белгисиз үч киши Бишкектен Ош облусун көздөй бараткан унааны токтотуп, ичиндегилерди курал менен коркутуп, 35 миң сомун карактап кеткен
2 / 2
Унаа "Сосновка" постунан токтотулган, кармалгандар Таластын тургундары болуп чыкты.

"Кылмыштан кийин үчөө из жашырып кеткен. Акчасын алдырып ийген төртөө милицияга кайрылган. Дароо эле "Перехват" планы жарыяланып, ЖКККББ кызматкерлери 25-октябрда таңкы саат 4.00дөрдө Honda Fit унаасы менен бараткан үч шектүү кишини кармады", — дешти милициядан.

УКМК Кадамжайда көмүлгөн унаа боюнча маалымат таратты
Унаа "Сосновка" постунан токтотулган, кармалгандар Таластын тургундары болуп чыкты. Текшерүү учурунда машина ичинен "SMS такси" шашкасы жана тапанча табылган. Колго түшүрүлгөндөрдүн бири каракчылык болгонун моюндаган. Алдын ала маалымат боюнча алар Таласта да талап-тоноочулук менен алектенип, Бишкекке да ошол максат менен келе жатышкан.

Ушу тапта үч шектүү Жайыл райондук милиция бөлүмүнө алып келинип, тийиштүү экспертизалар дайындалды.