Пресс-борбор

Түз эфирде кантип кызыктуу маек курса болот? SputnikPro долбоору

Мастер-класс SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагында Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда 25-октябрь күнү саат 14:00дө өтөт.
Sputnik

Спикер берилген суроого жооп берүүдөн баш тарткан учурда кантип тийиштүү жоопту алуу керек? Түз эфир учурунда эмнелерге дыкат көңүл буруу зарыл жана эмнелерди унутпаш керек?

Sputnik Кыргызстан радиосунун алып баруучусу Айтурган Сатиева бул суроолорго жооп берет. Иш-чара SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагында Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда 25-октябрь күнү саат 14:00дө өтөт.

Мастер-класска катышуу акысыз, орундар чектелүү. Катталуу үчүн телефон: (312) 98-60-27, 98-69-47.