Радио

Бообекова: мектептерде кесип боюнча багыт берген мугалим же психолог зарыл

Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова кесип тандоодо майда учурларга чейин көңүл буруу шарт экенин айтты.
Sputnik
Бообекова: мектептерде кесип боюнча багыт берген мугалим же психолог зарыл

Мектептерде кесип тандоо боюнча багыт берген мугалимдин же психологдун болушу зарыл. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бүтүрүүчүлөр кесип тандоодо өкүнүп калбаш үчүн ЖОЖду аяктагандан кийин жашоосу кандай болоруна алдын ала ойлонуп чыгуусу керек.

"Бала ийгиликтүү бир кесиптин ээси болушу үчүн, кесип тандоо алдында анын эмне каалай тургандыгы сүйлөшүлүп, кесип тандоо боюнча багыт берилиш керек. Мектептерде бул жаатта атайын иш алып барган мугалимдердин же психологдордун болуусу тийиш. Анткени алар балдардын мүнөзүнө, каалоосуна, шыгына жараша кесипти аныктап, кеңеш бере алат. Айрым балдар "атам айтты, апам айтты" деп, өздөрүнө жакпаган кесип боюнча билим берген окуу жайга тапшырып алат.  Тандаган кесипке өкүнүп калбаш үчүн, алгач майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуу кажет", — деди Бообекова.

Ал намыс үчүн диплом алып коеюн дегендер да жок эместигин айтып, минтип "куру намыска алдыргандар  канча деген эмгегин жана убактысын текке кетирип жаткандыгын ойлонсо" деген пикирин кошумчалады.