ОшМУнун студенттери Индиянын мектептеринде сабак берип, практикада жүрөт

Бул иштер ОшМУ менен Харьяна (Индия) штатынын Билим берүү министрлигинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. Ош мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин үч магистранты Индиянын мектептеринде илимий-педагогикалык практикасын өтөп, сабак берип жатат. Бул туурасында ОшМУнун маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандык келечектеги төрт тилчи сабак өтүү менен бирге педагогикалык, методикалык, лингвистикалык багыттагы илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.

1 / 2
Ош мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин үч магистранты Индиянын мектептеринде илимий-педагогикалык практикасын өтөп, сабак берип жатат
2 / 2
Кыргызстандык келечектеги төрт тилчи сабак өтүү менен бирге педагогикалык, методикалык, лингвистикалык багыттагы илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.

"Айнура Нишанова, Айнура Орозалиева жана Чолпон Абдразакова Харьяна штатында жайгашкан Сонна, Горавер жана Карнал мектептеринде илимий-педагогикалык практикасын өтүшүүдө. Индиялык мектеп окуучулары менен жакындан баарлашып, окуу процессиндеги иш тажрыйбалар менен пикир алмашып жатышат", — деп айтылат маалыматта.

ОшМУдан мындай окутуулар студенттер менен магистранттарга педагогикалык практика катары жылына эки жолу уюштурулуп турарын билдиришти.

Кыргызстанга кайсы өлкөдөн көп келип окушарын Статком маалымдады
Кыргызстандык тилчилердин Индиянын мектептерине барып сабак өтүшү туурасында жергиликтүү бир нече басылмаларында чагылдырылган.

Маалымат кызматы бул иштер ОшМУ менен Харьяна (Индия) штатынын Билим берүү министрлигинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашып жатканын билдирди. Анда англис тили предметинин окутуучулары жана филологиялык билим берүү багытындагы англис тили тармагынын студенттери, магистранттары аталган штатта тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк түзүү каралган.