БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Гавайи архипелагындагы аралдардын бири "Валака" бороонунан кийин жер менен жексен болду. Бул тууралуу RT агенттиги АКШнын Балык ресурстары менен жапайы жаныбарларды коргоо кызматына шилтеме берип жазды.
Спутниктен алынган кадрларга караганда, октябрь айынын башында болгон бороондун айынан Чыгыш аралы толугу менен сууга чөгүп кеткен. Аралдын узундугу бир чакырым, туурасы 120 метрди түзгөн.
Бул аралда жок болуп бара жаткан таш бакалардын түрлөрү бар болчу.
Окумуштуулар климаттын өзгөрүшүнөн улам калган 23 арал дагы жок болуп кетүү коркунучунда экенин айтышууда.