Финансылык чалгын кызматынын ишине көз салууга кыз-келиндер тартылат

Талапкерлерди жөнөкөй жарандар менен уюмдар сунуштай алат. Ошондой эле өзүн өзү көрсөтүүгө да уруксат берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Финансылык чалгын мамлекеттик кызматынын Коомдук байкоо кеңешине сынак жарыяланды.

Туристтик милициянын катарына эл ичинен кызматкерлер изделип жатат
Документтерди кабыл алуу 25-октябрдан 25-ноябрга чейин жүрөт. Коомдук кеңештин мүчөлөрү эки жылга дайындалып, бир уюмдан бир гана адам шайланат. Талапкерлерди жөнөкөй жарандар, уюмдар сунуштай алат, ошондой эле өзүн өзү көрсөтүүгө да уруксат берилген.

Ишке жарамдуу, соттолбогон кыргызстандык бардык кыз-келиндер төмөндөгү талаптарга жооп берүү менен кеңешке мүчө боло алат:

— талапкердин Финансылык чалгын кызматынын жетекчиси менен эч кандай туугандык байланышы болбош керек;

— мекемеден көз каранды болбошу зарыл (лицензия алуучулар, товар жеткирүүчүлөр, келишимдин негизинде мекеме менен иштешкендер);

— мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болбошу керек;

— кадыр-баркында бир да кара так болбошу кажет;

— аталган кызматтын ишин жакшыртуу боюнча сунушу болушу зарыл.

Сынакка катышуу үчүн комиссияга төмөндөгү документтерди тапшыруу керек:

— анын талапкерлигин кароо өтүнүчү жазылган арыз;

— билими, иш тажрыйбасы, коомдук ишмердүүлүгү, туулган жылы жана жери, байланышуу жолдору камтылган маалыматтар, сүрөтү чапталган резюме;

— коомдук кеңештин иши тууралуу көз карашы;

— эки сунуш кат.

Документтер 720003, Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 207 ("өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө" деген эскертүүсү болушу керек) дареги боюнча кабыл алынат. Мындан тышкары, "коомдук кеңештин сынагына" деген эскертүү менен osgo@mail.gov.kg электрондук дарегине жөнөтсө болот. Мында катты беш мегабайттан оор болбогон PDF форматында жөнөтүү зарыл.