Бишкек: кечээ жол кырсык болгон жерде бүгүн да унаалар кагышты. Видео

Кырсык бүгүн болжол менен саат 11:30дарда болуп, Mercedes-Benz менен Honda Odyssey кагышты.
Sputnik

Борбор калаа Бишкек шаарынын кооптуу аймагы болгон Орозбеков менен Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн да кырсык болду, тагыраагы, автоунаалар кагышты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына окуяга күбө болгон адам айтып берди.

Суусамырда жолтандабас менен жүк ташуучу унаа кагышып, эки адам мүрт кетти
Анда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа көчөдөн чыгып кетип, жол боюндагы тосмого урунган. 

Күбөнүн айтымына караганда, автокырсык аталган кесилиште жол белгилери менен жолчырактын жоктугунан болгон.

Кечээ, 24-октябрда ушул эле жерде жол кырсыгы болуп, Fit аласалып кеткен

Бишкектеги Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан, кырсык болгонун тастыкташты.

"Жол кырсык болжол менен 25-октябрда саат 11.30дар чамасында болуп, бирок эч ким жабыркаган эмес. Эки автокөлүк тең атайын короого токтотулду. Жеңил автоунаа кечээ минивэн сүзүп алган үйдүн коргонуна урунган", — деп айтышты жол кайгуулчулар.

Топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилип, тиешелүү экспертиза дайындалды.

Айдоочулардын көбү Баялинов көчөсү жолдун негизги көчөсү экендигин биле беришпейт. Бишкек калаасынын мэри мурдагы күнү, 23-октябрда гана аталган кесилишке светофор коюу боюнча тапшырма берди.