Сызга отургузуп кеткен. Бишкекте 585 миң жасалма рублди алмаштырган киши издөөдө

Милициядан бул ири суммадагы жасалма акча менен алдаган биринчи факты экендигин айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Борбор калаа Бишкекте акча алмаштырган жайдан жасалма 585 миң рублди алмаштырып кеткен киши изделүүдө. Бул туурасында шаардык милициядан кабарлашты.

Фотофакт: жок кылынган жүз миңдеген сомдор
Буга чейин бир катар ЖМКлар байкоо камерасына кара көз айнекчен, кепкачан, капюшон менен далдаланган киши акча алмаштырган жайдан акча айырбаштап жаткандыгы жазылып калгандыгын көрсөткөн. Аталган жайдын кызматкерлеринин айтымында, киши 5 миңдик орус акчаларын сом менен долларга алмаштырган. Жалпысынан, ал 9 000 долларды "шыпырып" кеткен. Маалыматта, акчанын жасалма экендигин текшерген атайын жабдуулар шектүү эч нерсе көрсөтпөгөндүгү айтылат.

Шаардык милициядан жабырланган кызматкер тартип коргоо органдарына арыз жазып, иликтөө, издөө иштери башталгандыгын билдирди.

КРдин кылмыш кодексине ылайык, банкноталарды жасап, аларды сактап жана саткандарга үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыраткан жана үй-мүлкүн конфискация кылган жаза каралган.

Эгерде бул ири көлөмдөгү акча болуп же топтошкон адамдар жасаса, анда темир тордун артына 10 жылга чейин кесилип, мүлкү конфискацияланат.