БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы автокырсык көп болгон Баялинов менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги абалды жакшыртуу үчүн мэрия бир катар чараларды көрөт. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маселен, 24-октябрда автоунаа аласалып кеткен. Эртеси эле, тагыраагы 25-октябрда да Mercedes-Benz жакын жайгашкан үйдүн коргонун сүзгөн.
Эми бул аймакта бир айдын тегерегинде светофор орнотуу боюнча тиешелүү кагазга мэр Азиз Суракматов кол койгон.
"Жол чырак коюлганга чейин ошол аймактагы элдин кооптуулугун камсыздоо үчүн автоунаалардын ылдамдыгын азайтуучу жол дөңсөөлөрү жаткырылат", — дешти мэриядан.
Мындан сырткары, автоунаалар сүзүп алган көчө боюндагы үйдүн коргону тарап эки күндүн ичинде бетондор менен тосулаары да кабарланды.