Кадамжайда 4 жыл мурда жерге көмүлгөн унаа казып алынды

Жерге көмүлгөн машина Ford үлгүсүндө экени белгилүү болду.
Sputnik

БАТКЕН, 24-окт. – Sputnik. Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Боз айылына жакын аймактан жерге жашырылган унаа казып алынды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.

Унааны УКМКнын Баткендеги башкармалыгынын өкүлдөрү табышкан.

"Алар кылмышка шектүү жарандардын берген көрсөтмөсүнүн негизинде унааны Боз айылына жакын адырдан издешкен. 24-октябрга караган түнү Ford үлгүсүндөгү автону таап чыгышты", — деп булак билдирди.

Учурда бардык тиешелүү экспертиза дайындалып, иликтөө иштери улантылып жатат.