Президент Жээнбеков 24 бүлөнү үй-жайлуу кылды

Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Нарын облусуна барды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигининин кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков кызматкерлердин социалдык-турак жай маселесин чечүүнү улантарын, алардын профессионалдык деңгээлин жогорулатып, материалдык-техникалык базаны жаңылоо жана чыңдоо боюнча иштер улантыларын айтты.

1 / 7
Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигининин кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды.
2 / 7
Жээнбеков кызматкерлердин социалдык-турак жай маселесин чечүүнү улантарын, алардын профессионалдык деңгээлин жогорулатып, материалдык-техникалык базаны жаңылоо жана чыңдоо боюнча иштер улантыларын айтты.
3 / 7
Ал ошондой эле УКМК менен ӨКМдин кызматкерлерине ыраазычылыгын айтып, өлкөнүн тынчтыгына кам көрүп, элди өз өмүрүн тобокелге салып куткарган кишилерге жаңы батирдин ачкычын тапшырып жатканына кубанычта экенин билдирди.
4 / 7
Эки үй президенттен 200 миң сомдук сертификат алды.
5 / 7
Жаңы салынган эки үйгө УКМК менен ӨКМдин 24 кызматкери кирди.
6 / 7
Жаңы салынган эки үйгө УКМК менен ӨКМдин 24 кызматкери кирди.
7 / 7
Жаңы салынган эки үйгө УКМК менен ӨКМдин 24 кызматкери кирди.

Ал ошондой эле УКМК менен ӨКМдин кызматкерлерине ыраазычылыгын айтып, өлкөнүн тынчтыгына кам көрүп, элди өз өмүрүн тобокелге салып куткарган кишилерге жаңы батирдин ачкычын тапшырып жатканына кубанычта экенин билдирди.

Эки үй президенттен 200 миң сомдук сертификат алды. Жаңы салынган эки үйгө УКМК менен ӨКМдин 24 кызматкери кирди.