БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кытай окумуштуулары үзгүлтүксүз кофе ичип туруу розацея — беттин тери оорусу, кызаруу жана кан тамырлардын кеңейип кетүү коркунучун азайта турганын аныктап чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости MedicalXpress басылмасына таянып кабарлады.
Маалыматка ылайык, узак убакытка созулган иликтөөдө адистер кофе беттин тери оорусун өрчүтөт деген маалыматты жокко чыгаргысы келген. Илимпоздор 82 миң аялдын организминин көрсөткүчүн анализдеп көрүшкөн. Иликтөөнүн жыйынтыгында кофеин беттин тери оорусун басаңдата турганы маалым болгон.
Илимпоздордун билдирүүсүндө, айына бир чөйчөктөн кофе ичкендердикине караганда кофени бат-баттан ичкен адамдарда розацея азыраак байкалган.