УКМК Кадамжайда көмүлгөн унаа боюнча маалымат таратты

Кылмыштуу топ мындан бир эле кишинин 1 миллион 300 миң сомун карактап кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда казып алынган унаа 2015-жылы болгон кылмыш ишине тиешелүү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин милициядагы жеке булак Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Боз айылына жакын аймактан жерге төрт жыл мурун жашырылган унаа казып алынганын маалымдаган. 

1 / 2
Баткен облусунун Кадамжай районунда казып алынган унаа 2015-жылы болгон кылмыш ишине тиешелүү.
2 / 2
Эскерте кетсек, буга чейин милициядагы жеке булак Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Боз айылына жакын аймактан жерге төрт жыл мурун жашырылган унаа казып алынганын маалымдаган.

УКМКнын тараткан билдирүүсүндө эл аралык террордук топтун жасаган кылмыш ишинин бети ачылды. Ага ылайык, Ирак жана Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан эл аралык террордук уюмду каржылоо максатында Кыргызстандагы колунда бар адамдарды курал пайдалануу менен тоноп келген (ганимат) топтун мүчөлөрү аныкталган. 

Поиск закопанной машины сотрудниками ГКНБ в Баткене

Маалыматка ылайык, аталган топ 2015-жылы контрабандалык жол менен Кыргызстандын аймагына алып келген Ош тургунунун 1 миллион 300 миң сомун карактап кетишкен. Кылмыш иши козголуп, УКМК менен ИИМ биргелешип иликтөө жүргүзгөн.

Унаанын табылышы менен аталган кылмыш ишин тергөө жанданганы айтылды.