Бишкектин бир нече аймагы жарыксыз калат. Тизме

Электр энергиясы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Эртең, 25-октябрда, Бишкектин айрым бөлүгүнө жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

09.30-18.00 — Бакай-Ата (Эр-Төштүк, Бакай-Ата, Манасчы көчөлөрү), Төкөлдөш (Менделеев, Төкөлдөш, Чүй көчөлөрү), Ак-Бата (12-14-көчөлөрү) конуштары;

10.00-19.00 — Көк-Жар конушу (Керемет, Кулмурзаев, Куйручук көчөлөрү);

09.30-18.00 — Гоголь көчөсүндөгү №20 үй;

09.30-18.00 — Можайский, Боровский, Мусулманкулов, Кожобергенов, Север көчөлөрү, Снегиревский, Витебский, Багижский туюк көчөлөрү;

09.30-17.00 — Түлөбердиев, Көкчө-Тоо, Васильев, Махатма Ганди, Боталиев көчөлөрү, Пенза, Караван туюк көчөлөрү;

09.30-17.00 — Ак-Өргө конушу (Айдың-Көл, Чамгарак, Алты-Бакан, Үркөр, Жөжө-Акын көчөлөрү).