Бейшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +16…+21 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17…+22, Ысык-Көл облусунда жана Нарын аймагында 11…+16 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +19…+21 градус болору айтылды.