Окуя Стоунхем (Массачусетс, АКШ), "Таш зоопарк" деп аталган жайда болгон. Паркка барган киши энесинин жанын чыгарган илбирстин ойноок күчүгүнүн жоругуна күбө болгон. Жырткыч капыстан болгон окуядан чочуп, турган ордунан төрт аяктап секирген. Энесинен муну күтпөгөн күчүгү кошо секирген.
Аталган зоопаркты байырлаган бул жаныбарлар интернеттин жылдызына биринчи ирет айланып отурган жок. Буга чейин энеси менен баласынын бейкапар ойноп жаткан видеосу жарыяланган.
Буга чейин башкалардын тамагын тартып жеген тоту куштун видеосу жарыяланган.