БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. АКШда өспүрүм бала энесин зордуктоодон сактап калганын Waco Tribune-Herald басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Окуя Робинсон шаарында болгон.
"37 жаштагы байтааныш киши үйгө кирип келип кожойкени зордуктоого аракет кылган. Аял каршылык көрсөткөндө үч балаңды тең өлтүрүп салам деп коркуткан. Ошол маалда бөлмөгө аялдын 15 жашар баласы кирип келип, зордукчуга ач кенедей жабышкан бойдон полиция келгиче аны кое бербей койгон. Тартип сакчыларын баланын бөбөктөрү чакырган", — деп айтылат макалада.
Полиция кызматкерлери үч баланын энесине кол салгысы келген зордуктучу колго түшүрдү. Эми ал чындап эле эркинен ажыратылышы мүмкүн.