Өкүл атасы аэропортту, өз атасы арак заводду башкарган. Жамангулов жөнүндө 8 факты

Бүгүн эл өкүлү Акылбек Жамангулов "Альфа Телеком" (MegaCom) компаниясынын башкы директору болуп дайындалды.
Sputnik

30 жаштагы жаңы жетекчи буга чейин кандай кызматтарды аркалаганына жана ата-тегине Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыгып көрдү.

30 жашта. 1988-жылдын 24-октябрында Чүй облусунун Кемин шаарында туулган.

Депутат ЖК Акылбек Жамангулов

Атасы аткаминер жана бизнесмен болгон. Жекшен Жамангулов Спирт жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү, сактоо жана жүгүртүү мамлекеттик агенттигинин директору болгон. Ошондой эле ал Балыкчыдагы ликер-арак заводун негиздеген компаниялардын бирин жетектеген. Апасы Нуржамал Ысык-Көлдүн Тоң районунун кызы.

Өкүл атасы. Жамангуловдун өкүл атасы — Эрик Шайдинов, 2011-2013-жылдары "Манас" аба майданын жетектеген. Ошол эле жылдары Жамангулов аэропорттун башкаруу кеңешинин мүчөсү, жетекчинин жардамчысы болгон.

Депутат Жогорку Кенеша Акылбек Жамангулов

15 жашында иштей баштаган. Эмгек жолун 2003-жылы 15 жашында Балыкчыдагы "Көк-Ойрок" ликер-арак заводунан баштаган. 17 жашында "Альфа Ширсфилд Аудит" ишканасынын кардарларды тартуу бөлүмүнө ишке орношкон. 18 жашында "Альфа Маркетинг" ЖЧКсында коомчулук менен байланышуу боюнча менеджер болуп иштей баштаган.

Үй-бүлөсү. Жубайы Чолпон экөө эки баланы тарбиялап, учурда үчүнчүсүн күтүп жаткан кези. Келинчеги ага мектепти аяктаары менен турмушка чыккан.

Тойлорго мораторий. Ушул жылдын сентябрь айында Жогорку Кеңеште мамлекеттик маанилүү болбогон той-топурга 5 жылга чейин мораторий киргизүүнү сунуштаган. Анда Жамангулов мамлекеттик бюджеттин эсебинен 100дөн ашуун иш-чаралар өткөрүлөрүнө нааразы болгон.

Депутат Жогорку Кенеша от фракции "Республика — Ата-Журт" Акылбек Жамангулов

Үч жогорку билими бар. 2011-жылы Кыргыз-Россия славян университетин "финансы жана кредит" адистиги боюнча аяктаган. 2014-жылы ТИМдин дипломатиялык академиясынын "эл аралык мамилелер" бөлүмүн бүтүргөн. Үчүнчү жогорку билимге Кыргыз мамлекеттик юридикалык окуу жайынан ээ болгон.

Жылкыга кызыгат. Жылкы баласын абдан баалап, эс алуусун ат үстүндө өткөрүүнү жакшы көрөт. Буга чейин берген маектерине караганда, айына жок дегенде эки жолу шаар четине чыгып, таза абада ат минет. Негизи эле мал-жанга жакын. Кичине кезинен эле чоң атасына кошулуп, жайлоого мал көчөрүп, тоо койнунда конуп-түнөп жүргөн.