Шиш така кийип алып коңшулардын тынчын алган аялдарга айып салынды

Окуя Италияда болгон. Шиш таканы жакшы көргөн аял жана анын кыздары коңшуларынын эскертүүлөрүнө кол шилтеп коюшкан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Италиянын Виченца шаарынын прокуроратурасы үйдө шиш така кийүүнү адат кылган үй-бүлөнү айыпка жыкты. Маалыматка ылайык, аял эки кызы менен коңшуларынын эскертүүсүнө маани бербей койгон. Бул тууралуу Corriere del Veneto басылмасы жазды.

Төрт жыл мурда коңшулар аялдан кыздары менен түн бир оокумга чейин үйдө ары-бери баспай, эрте уктоону өтүнүшкөн. Бирок мындай эскертүүлөр аларга эч кандай жардам берген эмес.

Кыргыз кийимдери National Geographic сүрөтчүсүнүн көзү менен
Башында коңшулар үйдү башкаруучуларга арызданышкан, кийин полицияга барып арыз жазып, шиш така кийген аял кыздары менен алардын тынчтыгын бузуп жатканын айтышкан.

Прокуратура шиш таканы сүйүүчүлөргө 500 евро айып салган. Ушундан кийин гана түн ортосуна чейин такылдаган үндөр басылган.

АКШнын биринчи айымы Мелания Трамптын Африкага кийип барган кийими социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылган. Аны колонизатордун костюмун кийип алган деп жазышкан.