Радио

Шыкмаматов: туризмди мамлекет эмес, эл өнүктүрүүдө

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов туризм тармагын өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан көңүл бурулбай жатканын айтты.
Sputnik
Шыкмаматов: туризмди мамлекет эмес, эл өнүктүрүүдө

Туризмди мамлекет эмес, эл өнүктүрүүдө. Аны бизнес катары карап, калк өзү аракетин көрүп жатат. Мындай пикирин Алмамбет Шыкмаматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, туризмди өнүктүрүүгө өлкө өзгөчө көңүл буруп, күнү-түнү талкуулап, приоритеттүү багыт катары алып чыгышы керек. Ал үчүн атайын адистерди чет мамлекеттерден окутуп келүү да заман талабы.

"Кыргызстан туристтик өлкө дегенибиз менен бул багытта мамлекет эч нерсе жасаган жок. Эл муну бизнес катары карап, өзү аракет кылып жаткандыктан туристтер көп келүүдө. Кымызын жасап, боз үйүн тигип туристтерге сунуштап, тыйын таап жатышат. Ал эми кандайдыр бир мамлекет тарабынан иштелип чыккан комплекстүү программа жок. Бүгүнкү күндө туризмди приоритет катары ала турган болсок, анда министрликтин алдында департамент эмес, жок дегенде ведомство түзүү керек", — деди Шыкмаматов.

Ал туризмди туура жана эффективдүү өнүктүрүү үчүн өлкө адистерге муктаж экенин, аларды чет мамлекеттерден окутуп келүү зарылдыгы бар экендигин кошумчалады.