Сузакта жер көчүп, Ачы-Сай суусун бөгөп калды. Сүрөт

Окуя болгон жерде ӨКМдин облустук башкармалыгынын ыкчам тобу жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Жалал-Абаддагы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Акчалуу айылында жер көчүп, Ачы-Сай суусун бөгөп калды. БУл тууралуу ӨКМ билдирди.

1 / 2
Жалал-Абаддагы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Акчалуу айылында жер көчүп, Ачы-Сай суусун бөгөп калды
2 / 2
Окуя болгон аймакка ӨКМдин облустук башкармалыгынан ыкчам топ жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Маалыматка ылайык, жер 23-октябрь күнү саат 11.30дар чамасында көчкөн. Окуя болгон аймакка ӨКМдин облустук башкармалыгынан ыкчам топ жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Министрлик турак үйлөргө коркунуч жок экенин айтып, кошумча маалымат берилерин белгиледи.