БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 168-чакырымында Honda Odyssey унаасы кырсыктап, аял менен эркек киши көз жумганын ӨКМ билдирди.
ДТП на трассе Бишкек-Ош
© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской области
Маалыматта унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткени айтылат.
ДТП на трассе Бишкек-Ош
© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской области
Ал эми Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы каза болгон айдоочу менен жүргүнчү аялдан тышкары дагы беш киши жабыркаганын кошумчалады. Ошту көздөй бараткан таксинин айдоочусу катуу ылдамдыктан улам рулга ээ боло албай калган.
Окуя болгон жерге келген беш куткаруучу өлгөн адамдардын сөөгүн чыгарып ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркагандарды тез жардамга өткөрүп беришкен.