Афганистандагы Памир кыргыздарына гуманитардык жардам жеткирилди. Сүрөттөр

Экспедицияга тийиштүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле дарыгер-кардиолог, педиатр, акушер-гинеколог кирген.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жүк жеткирилгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

1 / 5
Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жүк жеткирилди
2 / 5
Экспедиция түзүү буйругу 2018-жылдын 19-сентябрында чыккан
3 / 5
Жалпы салмагы 60 тоннаны түзгөн жардам оор жүк ташуучу жети унаа менен жеткирилген
4 / 5
Экспедицияга тийиштүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле дарыгер-кардиолог, педиатр, акушер-гинеколог кирген
5 / 5
Өз кезегинде памирлик кандаштар кыргыз өкмөтүнө жана жалпы кыргыз элине көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык айтышканы маалымдалат.

Экспедиция түзүү буйругу 2018-жылдын 19-сентябрында чыккан.

"Сападын алкагында Памир кыргыздарына 20 тонна ун, 4 тонна кумшекер, 4 тонна макарон жана башка азык-түлүктөр, ошондой эле 20 метр куб жыгач, 120 даана темир меш, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жеткирилди", — деп айтылат маалыматта.

Памирге кеткен кыргыздардан дайын барбы? Миграция кызматынын жообу
Жалпы салмагы 60 тоннаны түзгөн жардам оор жүк ташуучу  жети унаа менен жеткирилген.