Ош: айрым аймактарда таза суу берүү убактылуу токтотулат

Суу чарба башкармалыгы сууну камдап алууну эскертет
Sputnik

ОШ, 23-окт. – Sputnik. Ош калаасында 23-октябрь күнү саат 24:00дөн баштап 25-октябрь күнү саат 24:00гө чейин таза суу берүү токтотулаарын мэриядан билдиришти.

Ош шаарынын айрым аймактарында эки күнгө жарык өчүрүлөт
Маалыматта Ош шаарынын "Курманжан Датка", "Манас Ата", "Туран" аймактык кеңештеринен, "Достук" кичи районунан жана "Калинин" аймагынан башка жерлерде суу болбой тургандыгы айтылган. Анын себеби "Ош шаар суу канал" ишканасынын күзгү-кышкы оңдоо иштерине байланыштуу экендиги кошумча кабарланган.

Суу чарба башкармалыгы шаардыктарга бир суткага жете турган сууну камдап алууну эскерткен. Ош шаарында жыл сайын жаз, күз мезгилдеринде таза суу берүү токтотулуп, оңдоо иштери жүргүзүлөт.