Кыргызстандагы балта жутарлар. Жырткыч канаттуулардын укмуштуу сүрөттөрү

Иван Турковский 15 жылдан бери жаратылышты сүрөткө тартуу менен алектенет. Жакын арада Кыргызстандын фаунасы тууралуу китеп чыгарууну максат кылып жүрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Сүрөтчү Иван Турковский Sputnik агенттигине Кыргызстанды байырлаган таз жорулардын сүрөтүн көрсөттү.

Биринчи жолу сүрөтчү бул жырткыч канаттууларды 2010-жылы Нарындагы Арпа өрөөнүнөн кезиктирген.

1 / 4
Сүрөтчү Иван Турковский Sputnik агенттигине Кыргызстанды байырлаган таз жорулардын сүрөтүн көрсөттү.
2 / 4
Биринчи жолу сүрөтчү бул жырткыч канаттууларды 2010-жылы Нарындагы Арпа өрөөнүнөн кезиктирген.
3 / 4
Иван Турковский 15 жылдан бери жаратылышты сүрөткө тартуу менен алектенет.
4 / 4
Жакын арада Кыргызстандын фаунасы тууралуу китеп чыгарууну максат кылып жүрөт.

"Кыргызстандан таз жорунун беш түрүн көрдүм. Алар өлгөн жаныбардын этин жеп, эпидемия, жугуштуу оорулардын тарап кетишине тоскоол болуп турат. Мындан улам бир дагы жандык бекеринен жаралбаганына ынанасың. Адам баласы дагы артыбыздан тыштанды калтырбай тазалап, жаратылышка салым кошууну унутпайлы", — деди Турковский.

Иван Турковский 15 жылдан бери жаратылышты сүрөткө тартуу менен алектенет. Жакын арада Кыргызстандын фаунасы тууралуу китеп чыгарууну максат кылып жүрөт.

Сайтыбыздан бул сүрөтчүнүн сейрек кездешкен чымчыктар тууралуу сүрөттөрүн да көрө аласыз.