Көздүн курчтугун кантип сактап калуу керектигин окумуштуулар айтышты

Көбүнесе 55тен өткөн кишилердин көрүүсү начарлап баштайт. Башкача айтканда макулодистрофия оорусуна чалдыгат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Медициналык изилдөөлөр боюнча Уэстмид институтунун окумуштуулары нитраттарга бай жашылчаларды жегендердин көрүүсү жакшы сакталары аныкталды. Бул тууралуу MedicalXpress басылмасы жазды.

Ага ылайык, кызылча, салат жалбырактарын жеген кишилердин көзүнүн курчтугу мокобойт.

Создуктурбастан "Тез жардам" чакырууга 14 себеп
Көздүн курчу көбүнесе 55 жаштан өткөндөн кийин кете баштайт. Башкача айтканда адам макулодистрофия оорусуна чалдыгат. Анда көздүн эң ички кабыгындагы кан тамырлар кургап калат.

15 жылга созулган изилдөөгө 49 жаштан жогорку эки миңден ашык киши катышкан. Күн сайын 100-142 миллиграмм нитраты бар жашылча жеген кишилердин макулодистрофия дартына чалдыгуу ыктымалдуулугу 35 пайызга азайган.

Буга чейин окумуштуулар узак жашоонун эң жөнөкөй сырын ачышкан. Адистердин айтымында, организмде витаминдер менен минералдык заттардын керектүү көлөмдө болушу өмүрдү узартууга жардам берет.