БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,1 миллиард куб метрди түздү. Суунун топтолушу жакшы болгондуктан "Электрстанциялар" ААКы Өзбекстанга июндан августка чейин 648,2 миллион сомго 467,7 миллион киловатт саат электр энергиясын экспорттоду. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйналышында билдирди.
Боронов ошондой эле учурда Бишкек шаарынын аймагына канча тонна көмүр ташылып келгенин айтып, көмүрдү камдоо үчүн кол коюлган келишимдерге жана бекитилген план боюнча ишке ашып жатканына токтолду.
"19-октябрга карата Бишкек шаарынын аймагына 200,7 миң тонна Кара-Кеченин, 3,9 миң тонна Таш-Көмүрдүн көмүрү түшүрүлүп, 17,3 миң тонна импорттолду. 22-октябрга карата Бишкек шаарынын аймагында 280,4 миң тонна көмүрдүн запасы бар. Бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,2 миң тоннага көбүрөөк. 2017-жылы ушул маалда 258,2 миң тонна көмүр болгон", — деди Боронов.
Андан сырткары, көмүрдү казып алууда тартипти сактоо максатында октябрь айынын башында укук коргоо органдарына да тиешелүү милдеттенмелер коюлганын белгиледи.