Мэрия эми курулушту тескебейт. "Бишкекархитектура" Мамкурулуш агенттигине өттү

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. "Бишкек шаарынын архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгы" ("Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы) мамлекеттик ишканасы Архитектура, курулуш жана турай жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына берилди.

Мындай чечимди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алган. Документ өкмөттүн сайтына жарыяланды. Анда Бишкек шаардык архитектура башкы башкармалыгынын иши чаржайыт кеткени айтылат.

"Шаар аймагындагы архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жаатындагы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдын аймактык түзүмү аткарчу саясат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары мэриянын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана шаарды жасалгалоо боюнча түз функционалдык милдеттенмелери аралашып калган", — деп айтылат маалыматта.

Сагындык уулу: быйыл Бишкекте 1800дөй мыйзамсыз курулуш жок кылынды
Мэрия шаар көчөлөрүн, парктарды жана скверлерди жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана жасалгалоо боюнча долбоордук иштерди аткаруу үчүн архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик органдын катышуусуз, Бишкек шаарынын аймагындагы архитектуралык-шаар куруу ишмердүүлүгү жаатындагы бирдиктүү саясатты жүргүзүүчү муниципалдык долбоорлоодук мастерскоюн, же муниципалдык долбоорлоо институтун түзө алары маалыматта белгиленген.